Костюмдар

Википедия дан

Костюмдар (англ. Suits) - Аарон Корш жараткан жана жазган мыйзам жөнүндөгү америкалык драмалык телесериал. Сериалдын бет ачаары 2011-жылы 23-июнунда АКШнын кабель тармагында болуп, Universal Cable тарабынан чыгарылган. "Костюмдар" Нү-Йорктогу ойдон чыгарылган юридикалык фирма жөнүндө тартылган. Шоунун окуясы колледждин таланттуу бүтүрүүчүсү Майк Росс (Патрик Ж. Адамс) жана эч качан юридикалык мектепке барбаса да, юрист болуп иштеген Харви Спектр (Габриэль Махт) экөөнүн тегерегинде. Андагы башкы көңүл Майктын сырын сактоо менен Харви менен Майктын иштерди кандай бүтүрүп жатышкандарына бурулат.

"Костюмдар" 2012-жылдан баштап бир нече сыйлыктарга көрсөтүлгөн, ал эми Жина Торрес менен Патрик Ж. Адамс өз ролдору Жессика жана Майк Росс үчүн жекече мактоо алышкан. Экинчи даражадагы ролдогу мыкты актриса деп эки жолу көрсөтүлгөндөн тышкары Торрес 2013-жылы телесериалдагы мыкты ойногондугу үчүн NHMC Impact сыйлыгына ээ болгон. Адамс АКШ нын киноактерлорунун Гильдиясынын драмалык телесериалдын мыкты актеру деген премияга көрсөтүлгөн, ал эми сериалдын өзү Элдик тандоо сыйлыгына (People's Choice) эки жолу көрсөтүлгөн.

2016-жылдын августунда сериал жетинчи сезондун 16-эпизодуна чейин узартылган, анын бет ачаары 2017-жылдын 12-июлунда болуп өттү.

Сюжети[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Тартылгандар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]