Котировка

Википедия дан

Котировка (фр. coter – номерлөө, эн салуу) – биржада же рынокто чет элдик валютанын, баалуу кагаздын курсун же товардын баасын коюу. Котировка актив түрүнө карата валютанын алмаштыруу курсун, баалуу кагаздардын наркын, кредит үчүн проценттик үстөгүн, товар же сырьё наркын негиздейт. Котировка биржаларда атайын котировкалоо комиссиясы катталып, биржа сессиясынын ачылуу-жабылуу нарктары, ошондой эле күндүн максималдуу жана минималдуу наркы аныкталат. Котировка соодалашуудагы түзүлгөн конъюнктураны, сунуш жана талап катышын чагылтат. Валюта рыногунда түз жана кыйыр Котировка болуп айырмаланат. Түз валюта Котировкасында чет элдик валюта бирдиги улуттук менен, кыйырында улуттук – чет элдик менен көрсөтүлөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]