Котур-Төр мөңгүсү

Википедия дан

Котур-Төр мөңгүсүИчки Теңир-Тоодогу татаал өрөөн тибиндеги мөңгү. Чоң Нарындын оң курамы – Ара-Бел-Суунун алабында. Тескей Ала-Тоонун түштүк капталындагы кыска өрөөндүн төрүнөн башталат. Узундугу 6,3 км, аянты 9,9 км2. Башы деңиз деңгээлинен 4780 м, этеги 3830 м бийикте жатат. Кар чегинин бийиктиги 4100 м, абляциясынын аянты 3,3 км2. Фирн бассейни Тескей Ала-Тоонун кырынан башталып, эки жагындагы жалпак чокулардагы мөңгүлөрдөн кошумча куралат. Батыш тарабынан Григорьев мөңгүсү орун алган. Бетинде жана этегинде мореналар жокко эсе. Төмөнүрөөктө аяккы морена жалчасы өрөөндү дого сымал бөгөп жатат. Мөңгүдөн Ара-Бел-Суунун сол куймасы – Котур-Төр башталат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]