Коуз Рональд

Википедия дан

Коуз Рональд (АКШ) - (трансакциондук чыгымдардын жана менчик укугунун проблемалары боюнча иштери үчүн 1991-. Нобель сыйлыгына татыган).

Ал 1910-жылы Англияда төрөлгөн. 1951жылы Америкага кетет. Ага дүйнөлүк атакдаңкты 1937-жылы жарыяланган «Фирманын табияты» жана 1961-жылы чыккан «Социалдык чыгымдардын проблемалары» аттуу эки чакан макала алып келген. Биринчисинде, рыноктун шартында чарба жүргүзүү «трансакциондук» (лат. transaction - келишим) деп аталган. Чыгымдын өзгөчө бир түрүн пайда кыларына көңүл бурат. Бул чыгымдарга, баа жөнүндө, сатып алуучулардын көңүлү, каалоосу, конкуренттердин ниети жөнүндө маалыматтарды жыйноого, келишим жөнүндө сүйлөшүүлөргө, келишимди түзүүгө жана аларды укук жагынан камсыз кылууга кеткен сарптоолор кирет.

Окумуштуунун бул идеясы, неинституционализм аттуу экономикалык илимдеги жаңы багытка негиз болгон. Экинчи макаласында «радио угузуу рыногун» түзүү идеясын берген. Бул идеясы мамлекеттик монополиядагы тармактарды рынок шартына келтирүүгө түрткү болгон. Экономикалык теорияда «Клоуздун теоремасы» бекем орун алган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Мусакожоев Ш.М. ж.б. Экономика: Жогорку окуу жайлары үчүн окуу китеби. Оңд. толукт. 2-бас./ Ш.М. Мусакожоев, Б.Ч. Ишенов, Б.Ш. Мусакожоева. - Б.: «Турар». 2011. - 528 б. ISBN 978-9967-15-095-9