Коханов Гений Алексеевич

Википедия дан

Коханов Гений Алексеевич (10.10.1928-жылы туулган, РСФСР, Новосибирь облусу, Татар району, Константиновка кыштагы) – жумушчу, Социалисттик Эмгектин Баатыры (1971). 1956-жылдан Фрунзе оор электр машина куруу заводунунда токарь болуп эмгектенген. План тапшырмасын 8-беш жылдыкта 140%, 9-беш жылдыкта 147% аткарган. 1973-ж. Москвада өткөн Тынчтыкты сүйүүчү күчтөрдүн конгрессинин катышуучусу. Ленин, 2 Эмгек Кызыл Туу ордендери жана медалдар менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]