Коцюбинский Михаил Михайлович

Википедия дан

Коцюбинский Михаил Михайлович [5 (17). 9. 1864, Винница – 12 (25). 4. 1913, Чернигов] – украин жазуучусу. 1890-жылдан балдар үчүн китептер жазган («Харитя», «Кичинекей балаты», экөө тең 1891), дыйкандар менен жумушчулардын турмушуна арналган социалдык-сынчыл маанайдагы повесттер жана аңгемелери чыккан («Ишенимге», 1890; «Өч алды», 1894; ж. б.) 1990-жылдардын башында терең психологиялык новеллага көп кайрылган, украин прозасынын реформатору катары чыккан: «Fata morgana» (1–2-бөлүк, 1904–10), «Күлкү» (1906), «Жолдо» (1907), «Аттар күнөөлүү эмес» (1912) ж. б. Жашоо-тиричиликтин көйгөйлөрүн чагылдырган чыгармаларга көп көңүл бурган: «Алма гүлү» (1902), «Жалган дүйнөдө» (1905). Ушул мезгилдеги чыгармачылыгында импрессионизмдин таасири сезилет. Гуцулдардын турмушуна арналган «Унутулган бабалардын карааны» повестинде мифологиялыкпоэтикалык башат байкалат. Виннциада (1927) жана Черниговдо (1935) адабий-мемориалдык музейи бар.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]