Кочкорбаев Исак

Википедия дан

Кочкорбаев Исак (1890, Россия империясы, Пишпек уезди, азыркы Ысык-Ата району, Октябрь айылы – 14.9.1965, ошол эле район, Кеңеш айылы) – колхоз өндүрүшүнүн ишмери, Социалисттик Эмгектин Баатыры (1957). Кыргыз ССРинин мал-чарбасынын устаты (1953). 1929–57-ж. Ивановка районундагы «Кеңеш» колхозунун башкармасы болуп иштеген. Анын жетекчилигинде «Кеңеш» колхозу республикадагы алдыңкы ири чарбалардын бирине айланган. 1954–58-жылдары СССР Жогорку Советинин, 1947–55-жылдары Кыргыз ССР Жогорку Советинин депутаты. Ленин, 2 Эмгек Кызыл Туу, «Ардак Белгиси» ордендери менен сыйланган. Ал жетектеген мурдагы «Кеңеш» колхозуна анын ысымы берилген.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]