Кочкорова Раш

Википедия дан

Кочкорова Раш (1937-ж.т., Курулуш айылы) - оймочу.

Шырдак жана шырдамал жасоо боюнча белгилүү уз. Кийиз жасоодо, шырдактарга оюм салууда башка уздардан айырмаланган өзгөчөлүктөрү бар. Айрым буюмдары мамлекеттик тарых музейинде экспонатталган. Баатыр эне.

СССРдин 60-жылдыгына карата “Көркөм кол өнөрчүлөрдүн республикалык кароо-сынагынын (1982)”, Кыргыз ССринин жана Кыргызстан Компартиясынын 60-жылдыгына карата “Элдик чеберлердин көркөм буюмдарынын республикалык II кароо-сынагынын (1984) катышуучусу. Кыргызстан КП БКнын жана Кыргыз ССР Министрлер Советинин Грамотасы менен сыйланган.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Чаткал району: Энциклопедия / авт.-түз. А.Орозов и др. - Б.: «Принт Экспресс» б., 2015. - 368 б., илл. ISBN 978-9967-27-851-6