Кочкоров Сманалы Барпиевич
Көрүнүш
Кочкоров Сманалы Барпиевич (1977-ж.т., Ак-Таш айылы) - улуттук даражадагы калыс жана машыктыруучу, спорт чебери.
- 1997-ж. Панкратион боюнча эл аралык мелдешинде 2-орун,
- 1998-ж. кыргыз күрөшү боюнча Кыргызстан биринчилигинин (82 кг салмакта) жеңүүчүсү, ошол эле жылы кулатуу күрөшү боюнча (90 кг салмакта) биринчиликтин жеңүүчүсү,
- 1999-ж. Казакстан Республикасында өткөрүлгөн панкратион боюнча мелдештин жеңүүчүсү, Россияда өткөрүлгөн мелдеште 2-орунга татыган.
- Кочкоров спорттун көп түрлөрү боюнча республикалык жана эл аралык мелдештин жеңүүчүсү.
- Кулатуу күрөшү боюнча Бишкек шаардык бөлүмүнүн президенти.
- 20дан ашуун спорттун чеберин даярдаган.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Чаткал району: Энциклопедия / авт.-түз. А.Орозов и др. - Б.: «Принт Экспресс» б., 2015. - 368 б., илл. ISBN 978-9967-27-851-6