Кочкор сүзүштүрүү

Википедия дан

Кочкор сүзүштүрүү - колду түз кармап, ортонду сөөмөйдү көздөй ийе тартып, сөөмөйдүн үстүн оролто коёт.
Ушул эле ыкмада ортонго аты жокту, аты жокко чыпалакты коёт. Манжалар бири-бирине ороло илинишип, көрүнүшү кочкордун мүйүзүнө окшоп калат. Анан эки атаандаш «кочкорлорун» сүзүштүрө баштайт. Кайсы «кочкор мүйүз» күчтүү жана чыдамдуу болсо анын ээси утат.
Балдар калыс болуп карап турушат.
Оюн манжаларга сулуулук жана күч берет, муун ооруларына чек коёт.

Адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кадыров Ысмайыл. Кыргыз маданиятынан тамган тамчылар. –Б.: 2011. – 208 б.