Кочкор – Ак-Жол мезолит өнөрканасы
Көрүнүш
Кочкор – Ак-Жол мезолит өнөрканасы – мезолит дооруна (б. з. ч. 8–7 миң жылдыктар) таандык археологиялык эстелик. Нарын облнун Ат-Башы районундагы Арпа өрөөнүнүн борбордук бөлүгүндөгү Кочкор – Ак-Жол коктусунда жайгашкан. Таштын сыныктары, жалпак таштар, таштын чордону табылган. 1968-ж. Кыргыз археологиялык экспедициясы (жетекчиси В. А. Ранов) ачкан.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 4-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2012. 832 бет, илл. ISBN 978 9967-14-104 -9