Коши Огюстен Луи

Википедия дан

Коши Огюстен Луи (21. 8. 1789, Париж — 23. 5. 1857, Со) — франциялык математик, Париж Илимдер Академиясынын мүчөсү (1816). Париж политехникалык (1807) жана көпүрө жол мектебин (1810) бүтүргөн. 1810—13 -жылдары Шербурда инженер, 1816—30-жылдары Политехникалык мектепте, де Франс коллежинде, 1848-ж. Париж университетинде сабак берген. К-нин эмгектери математиканын жана математикалык физиканын түрдүү тармактарына тиешелүү. Ал комплекстик өзгөрмөлүү анализдик функциянын интеграл түрүндө туюнтулушун, функциянын катарга ажыроосун, вычеттер теориясынын системаларын өнүктүргөн. Дифференциалдык теңдемелер, серпилгичтик теориясы боюнча да изилдөө жүргүзгөн. Оптика боюнча Френель теориясы жана дисперсия теориясынын математикалык чыгарылышын тапкан. Ошондой эле Кошиге геометрия, сандар теориясы, алгебра ж.б. илимдер боюнча изилдөөлөр таандык.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]