Кошоев Темирбек

Википедия дан

Кошоев Темирбек (1. 8. 1931, Кыргызстан, Чүй облусу, Кемин району, Кичи-Кемин айылы – 23. 6. 2009, Бишкек) – мамлекеттик ишмер. Токмок токой-чарба мектебин (1950), К. И. Скрябин атындагы айыл-чарба институтун (1957) бүтүргөн. 1957–58-жылдары Кыргызстан Коммунисттик Партиясынын Борбордук комитетинде айыл-чарба бөлүмүндө инструктор, 1958– 60-жылдары партиянын Ош обкомунун 2-секретары, 1960– 61-жылдары Кара-Суу райаткомунун төрагасы, 1961–62-жылдары Кыргызстан КП БКнын айыл-чарба бөлүмүнүн башчысынын орун басары, 1962–63-жылдары партиянын Сузак райкомунун 1-секретары, 1963–78-жылдары Ош облаткомунун төрагасынын 1-орун басары, төрагасы, 1978–81-жылдары партиянын Ош обкомунун 1-секретары, 1981–87-жылдары Кыргыз ССР Жогорку Советинин Президиумунун төрагасы, 1987– 2006-жылдары Жергиликтүү жамааттар конгрессинин вице-президенти, «Децентрализация» программасынын менеджери болуп иштеген. СССР Жогорку Советинин 2, Кыргыз ССР Жогорку Советинин 7 жолку депутаты. 3-даражадагы «Манас», Октябрь революциясы, эки Эмгек Кызыл Туу, «Ардак Белгиси», Эл достугу ордендери менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]