Кошпроцессор

Википедия дан

Кошпроцессор (англ. Coprocessor - Сопроцессор) деп компьютердин кубаттуулугун чоңойткон микропроцессор аталат. Кошпроцессорлор белгилүү бир маселени иштетүүнү ылдамдатуу максатында түзүлөт. Математикалык кошпроцессорлор сандык амалдарды тез аткартууга көмөктөшөт. Айрым кошпроцессорлор графиктик маалыматтарды көрсөтүүнү тездетүүдө, айрымдары байланыш-катыштарды жүзөгө ашырууда колдонулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Компьютер жана интернет: Энциклопедиялык окуу куралы, У.Н. Бримкулов, А.С. Өмүралиев, В.Ф. Бабак, Бишкек 2004. ISBN 9967-14-014-3