Коштошуу ырлары

Wikipedia дан
Jump to navigation Jump to search

Коштошуу ырлары – элдик оозеки чыграмачылыктагы каада-салт ырларынын түрү. Тематикасы жагынан Коштошуу ырлары ар түрдүү: белгилүү бир шартка ылайык өз жеринен мажбурлап көчүрүлгөндө, өкүмү күчтүү жоодон туулуп-өскөн жерин таштап качканда, элин, жерин коргоо үчүн казатка аттанган жоокерлер, ак жеринен сүргүнгө айдалган акын Т. Сатылгановго («Кош элим», «Кош, апаке») окшогон ырчылар Коштошуу ырларын жаратышкан. Ошондой эле Улуу Ата мекендик согуш учурунда жоого аттанган кыргыз жоокерлери да Коштошуу ырларын жараткан (мисалы, Ж. Бөкөнбаевдин «Кош, Ала-Тоо, уулуң кетти майданга» деген ыры ж. б.).

Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]