Кошумча

Википедия дан

Кошумча - кыргызда адамдын башына жамандык түшкөндө же жакшылыкта, доого же кунга жыгылганда, аш-тойдо, калың төлөөдө ага-тууган, жек-жаат, сөөк-тамыр тарабынан акчалай же натуралай берилүүчү жардам. Кошумчанын өлчөмү же көлөмү кошумча кошуп жаткан адамдын өз шартына жараша болот. Бул салт байыркы этнографиялык мезгилде эле пайда болуп, аталаш, уруулаш туугандардын өз ара жакын алакасын чагылдырып турган.

Көбөө - кийим, баш кийим, бут кийим, төшөнчү-жамынчы, дагы башка үй буюмдарынын (күзгү кап, баштык жана башка) четине (жээгине) атайын карматылган же салынган кыюу. Көбөө катары кездеме, көрпө, кийиз, таар пайдаланылат. Көбөөнүн практикалык жана эстетикалык мааниси бар.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]