Кошумчалангaн наркка салык

Википедия дан

Кошумчалангaн наркка салык - товарларды өндүрүү, жумуштун жана тейлөөнүн жүрүшүндөгү бардык баскычында түзүлүүчү нарктын өсүшүнүн бир бөлүгүн бюджетке чегерүү формасы; товарлардын сатылышына жараша бюджетке которулат.

Салык төлөөчүлөргө өлкөнүн аймагында өндүрүштүк жана коммерциялык иш-аракеттерди жүргүзүүчү юридикалык (чет элдиктерди кошо алганда) тараптар кирет. Мында кандай түрдөгү менчиктүүлүгү жана баш ийүүчүлүк формалары эске алынбайт. Салык салуунун объектиси катары тейлөө көрсөтүүдө, жумуштарды аткарууда, продукцияларды, товарларды сатууда жана өндүрүүдө чийки заттын, материалдын же товардын наркына ишкананын (өндүрүш, о. э. айлануу чөйрөсүндө) кошкон наркы эсептелет. Кошумчаланган наркка салык төмөндөгүдөй учурларда салынат: юридикалык бир тараптын даярдаган бардык товарларын, издештирип тапкан же өндүрүп чыгарган продукцияларын башка юридикалык же жеке тараптардын саткан учурларында; ишкананын ичинде өзүлөрүнүн жеке керектөөлөрү, о. э. өзүнүн кызматкерлери үчүн өндүрүш иш-аракеттерине байланышсыз максаттагы товарларды жана тейлөөлөрдү саткан кезде.

Мамлекеттик бюджетке акциздер менен төлөнгөн товарларды сатуу боюнча айланымдарга адатта мындай салык салынбайт. Салык салынуучу кошумчаланган нарк товарды өндүрүүдөгү материалдык чыгымдарды салгандан кийинки товардан (жумуштар, тейлөөлөр) алынган сумманын негизинде эсептелинет. Негизги фондулардын амортизациялары материалдык чыгымдардын курамына кошулбайт. Негизги фондулардын курулуштагы жана ремонттогу салык айланымы болуп, материалдык чыгымдарды чыгарып салгандан кийинки курулуш монтаждык жана ремонттук иштердин наркы саналат.

Бул салыктын суммасы товардын сатылуучу (жу-муштар, тейлөөлөр) баасына кошулат. Сооданын жана дүң сооданын жеңилдиктеринин (товардын баасын бир аз арзандатуу), соода үстөктөрүнүн, бааны көтөрүүнүн (кошумча баага үстөк) белгиленген өлчөмдөрү кошумчаланган наркка салыкты эсепке алуу менен бааларга колдонулат. Базар экономикасы өнүккөн өлкөлөрдө кошумчаланган наркка салык адатта эки бөлүктөн турат: сатууга жана сатып алууга салык. Товарды сатуучу жана тейлөө көрсөтүүчү фирма кошумчаланган наркка салык төлөөчү катарында катталууга милдеттүү, эгерде анын саткандарынын наркы жылдык белгиленген суммадан ашыктык кылса, жеткирип-тапшырып туруу салыгынын (сатуу салыгы) баарысына кошумча төлөөнү өзүлөрүнүн кардарларынан кармап калуу керек.

Сатууга салык жеткирип-тапшыруучулар тарабынан өзүнчө бөлөк эсепке алынып, өкмөттө өткөрүлүп берилет (сатып алууга салыксыз, анткени ал сатуучу тарабынан өзүнүн жеткирип-тапшыруучусуна төлөйт) - Фирма өкмөткө төгүп бере турган салыктын суммасы (жеткирип тапшыруучуларга төлөнгөн сумма чыгарып салынат) кардарлардан чогултулган жыйым болуп саналат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Мусакожоев Ш.М. ж.б. Экономика: Жогорку окуу жайлары үчүн окуу китеби. Оңд. толукт. 2-бас./ Ш.М. Мусакожоев, Б.Ч. Ишенов, Б.Ш. Мусакожоева. - Б.: «Турар». 2011. - 528 б. ISBN 978-9967-15-095-9