Кошуу

Википедия дан

Кошуу, плюс – арифметикалык негизги амалдардын бири. Кошуунун жыйынтыгы сумма деп аталат. а жана b сандарынын суммасы a + b аркылуу белгиленет. Мында а жана b — кошулуучулар деп аталат. Кошуу амалы каалаган чыныгы сан же комплекстүү сан, ошондой эле векторлор ж. б. менен аткарылат. + белгиси менен белгиленет, илимге 1489-ж. чех математиги Видман киргизген. Кошуу амалы төмөнкүдөй касиеттерге ээ: эгерде a+b=c болсо, анда 1) (а+т)+Ь= c+т жана a+(b+m)= c+ m; 2) (а—т)+Ь=с—т жана a+(b—m)=c—m, мында m — каалагандай чыныгы сан.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]