Кошчиев Эрмек

Википедия дан

Кошчиев Эрмек – жазуучу. Талас районунун Көк-Сай айылында 1960-жылы 3-сентябрда туулган. 1976-жылы Көк-Сай орто мектебинен 8-классты, 1979-жылы кесипчилик окуу жайын, 1982-жылы Казак Республикасындагы Чимкент облусунун Түркстан шаарындагы индустриалдык педагогикалык техникумун бүтүрүп, ошол эле жылы кесипчилик окуу жайында чебер-мугалим болуп иштеген.

1983–1985-жж. аскердик кызмат өтөп, 1985–1989-жж. К.И Скрябин атындагы Кыргыз мамлекеттик айыл чарба институтунун суу мелиорация факультетинен билим алган.

1988–1991-жж. Кара-Буура районунун Кайнар орто мектебинде мугалим, 1991–1994-жж. республикалык “Улукман” гезитинде жооптуу редактор, 1994–1996-жж. Кыргыз телерадиокорпорациясынын Кыргыз радиосунун “Кабарлар” редакциясында редактор болуп иштеген.

1996-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин журналистика факультетин сырттан окуп бүтүрүп, 1996–1998-жж. “Тагдыр” гезитинде башкы редактор, кийин “Жан дүйнө” гезитинде журналист катары эмгектенип келет.

Алгачкы “Жаз” аттуу ыры 1976-жылы март айында райондук “Октябрь таңы” гезитинде жарык көрүп, кийинчерээк макалалары, ырлары, аңгемелери республикалык гезит-журналдарда жарыяланып, аңгемелери радиодон уктурулган.

“Барак баатыр”, “Көрдөгү ый” аңгемелери республикалык “Калемгер” клубунун 2005–2006-жылдардагы “Мыкты аңгемелер” сынагынын жеңүүчүсү болгон.

2009-жылдан Кыргыз Республикасынын Улуттук Жазуучулар союзунун мүчөсү.


Жарык көргөн китептери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Боздогон түн: Повесттер, аңгемелер. – Б.: Текник, 2005. – 160 б.

Шок келин: Повесть, аңгемелер. – Б.: Текник, 2006. – 114 б.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]