Кош аяктар

Википедия дан
Napaeozapus insignis

Кош аяктар (лат. Dipodidae) — сүт эмүүчүлөрдүн кемирүүчүлөр түркүмүндөгү тукуму. Дене узундугу 5 смден 26 смге, куйругунун узундугу 7—30 смге жетет. Жүнү кыска, жыш, ак, кара, күрөң, боз түстө. Эркек ургаачысы окшош. Көбүнүн арткы буттары алдынкысынан 3—4 эсе узун. Башы, көзү чоң, кулагы узун. Эки буту менен чуркап, секирип жүрүүгө (3 м аралыкка секирет) ыңгайланган. 10—15 урууга кирген 27—30 түрү Евразия, Түндүк Африка жана Түндүк Американын талаа, чөл, жарым чөлдөрүндө таралган. Көз Карандысыз мамлекеттер шериктештиги өлкөлөрүндө 9—10 уруунун 17 түрү, Кыргызстанда 4 түрү бар. К. а. жалгыздап, терең ийинде жашайт. Күүгүмдө жана түнкүсүн азыгын издейт. Жылына 1—2 жолу 2—8ди тууйт. Өсүмдүк данын, бакча өсүмдүктөрүн ж. б. жеп, зыян келтирет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]