Кош бойлуулардын гигиенасы

Википедия дан

Кош бойлуулардын гигиенасы Боюнда барда түйүлдүктүн жакшы өөрчүшү жана кош бойлуулуктун туура өтүшү үчүн туура тамактануу негизги шарт.

Тамактануусу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Камыр жана майлуу тамак-ашты көп ичүүгө болбойт, ал баланын салмагын көбөйтүп, төрөттү кыйындатат. Кош бойлуулуктун 1-жарымында күнүнө 4 маал тамактануу зарыл, 2-жарымында түйүлдүк тез өсүп, аялдын организмине күч келтиргендиктен 5—6 жолу (аз-аздан) тамактануу сунуш кылынат. Тамак-ашка жашылча, жемиш, сүт жана сүт азыктарын, сууга бышкан эт, балыкты кошуу керек. Эттин сорпосу менен тузду азайтуу (5 гга чейин) зарыл. Суюктукту күнүнө 5 стакандан ашык ичиш керек, денеде шишик пайда болуп жана салмагы көбөйүп кетсе, догдурдун кеңеши менен мүнөздөп тамактануучу күндөр түзүлөт.

Тамакашта витамин (жашылча, мөмө-жемиштер) жетиштүү болушуна өзгөчө көңүл буруу зарыл, кышында рационго А, В, С, Д, Е витамини бар сироптор же драже кошулат, кальцийлүү азыктарды (сүт жана сүт азыктарын) көбүрөөк жеш керек. Боюнда бар кезинде ич көп катат. Ошондуктан жатарда кефир же айран ичип, ач карын жашылча, мөмө-жемиш (сабиз, кызылча, алма, кара өрүк жана башка) сунуш кылынат. Ич алдырма дарыларды догдур менен кеңешпей туруп ичүүгө болбойт, боюнан түшүп калуусу мүмкүн.

Гигиенасы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Өздүк гигиенага чоң көңүл буруп, үй температурасындагы сууга күн сайын белге чейин жуунуп, жумасына бир жолу душка түшүү керек. Жылуу ваннаны (суунун температурасы 34—35°С) 15 минутадан ашык алууга жарабайт, акыркы 3 айда ванна алууга болбойт. Деңизге, көлгө түшүүдө кош бойлуу аял өзүнүн абалына караган оң.

Боюнда бар кезде эмчекти туура багуу кийин эмчектин үрпүн кесилип кетүүдөн жана эмчекти сезгенүүдөн сактайт (к. Мастит). Эмчекти күнүгө жылуу суу менен самындап жууп, катуу сүлгү менен сүртүү зарыл. Кээде атайын укалоо пайдалуу, аны аялдар консультациясында үйрөтөт. Айрыкча жыныс органдарынын тазалыгына көңүл буруу зарыл: күнүнө 2 жолу астын жылуу суу менен самындап жууш керек (арткы тешиктен микроб кирип кетпеш үчүн артты көздөй жууйт). Боюнда бар кезде жатын кынын жууга болбойт. Жыныстык катнашууну өзгөчө алгачкы 2—3 айда азайтуу (боюнан түшүп калбас үчүн), ал эми акыркы 2 айда эне менен баланын организмине инфекция кирбес үчүн аны токтотуу сунуш кылынат.

Аялдын ден соолугун чыңдоо[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кош бойлуу аял үчүн уйку чоң мааниге ээ. Ал 8 сааттан кем эмес, өзүнчө жатып уктоо керек. Аялдын ден соолугуна жана түйүлдүктүн өөрчүшүнө таза аба өтө керек. Ошондуктан күнүнө 1 саатча таза абада, өзгөчө уктар алдында сейилдөө пайдалуу. Бөлмөнү күнүнө бир нече жолу желдетүү зарыл. Боюнда бар аялдын кийими көкүрөгүн, белин, ичин, жамбашын кыспагандай кенен, бут кийими жапыз такалуу болушу керек. 6—7 айында атайын бандаж кийүү (жатып алып киет) пайдалуу. Ал ичти көтөрүп, жатындын туура жайгашуусуна жана курсактын чоюлуп кетпешине жардам берет.

Боюнда бар кезде акыл эмгегинен жана оор жумуштан ашыкча чарчоого болбойт. Кээде боюнда бар аялдар токсикоз (к. Талгак) болот. Алгачкы мезгилде кускусу келет, алы кетип, көңүлү чөгөт, кийинчерээк кан басымы жогорулайт, шишийт жана башка оорулуу тиштерди дарылап же жулдуруп таштоо зарыл.

Аялдын ден соолугун чыңдап, сырткы чөйрөнүн терс таасирлерине организмдин туруктуулугун жана тамакка табитин көтөрүүгө, ошондой эле төрөткө катышуучу булчундарды чыңдоого гимнастикалык көнүгүүлөрдүн атайын комплекси иштелип чыккан, аны консультациядан үйрөнгөн жана аялдар консультациясында алдын ала психикалык даярдоодон өткөн аялдар оңой жана бат төрөйт.

Боюнда бар аял аялдар консультациясынан атайын толтурулган карта алат. Ага догдур аялдын ден соолугу, боюнда бардыгы, абалы жөнүндө негизги маалыматтарды жазат. Бул маалыматтар төрөттү туура кабыл алууда абдан маанилүү, ошондуктан боюнда бар аял бул картаны дайыма жанына сактап жүрүп, төрөт үйүнө ала келиши керек.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8