Мазмунга өтүү

Кош салык

Википедия дан

Кошсалык — ар кайсы өлкөлөрдүн ар кандай салык салуу түзүлүшүн колдонуудан улам келип чыккан жагдай.

Мисалы, көп улуттуу компаниялардын чет өлкөдөн тапкан кирешесине киреше булагы болгон өлкөдө да, компания юридикалык каттоодон өткөн өлкөдө да салык салынат. Кош салык сооданы өнүктүрүүгө жолтоо болорун эске алуу менен, резидент-компаниялардын кирешесинен салык алуунун өзара тартибин белгилей турган көпчүлүк мамлекеттер – салык салуу келишиминин катышуучулары (экономикалык шериктештик мүчөлөрү) келишимге компаниялардын кирешесинен бир гана өлкөдөн салык алына тургандай шарттарды киргизүүнү көздөп жатышат.

  • Юридика аталгылары менен түшүнүктөрүнүн орусча-кыргызча түшүндүрмө сөздүгү. Илимий-маалымдама басылыш/АРД/Чекки долбоору, авторлор жамааты. – Б.: 2005, ISBN 9967-428-14-7