Коэрцитиметр
Коэрцитиметр - ферромагнит материалдардын коэрцит күчүн өлчөгүч курал. Коэрцит күчү үлгүдөгү магнит индукциясы В же анын магниттелиши J боюнча аныкталышы мүмкүн.
Коэрцит күчүн (Hc) магниттелиш боюнча өлчөө кеңири тараган, анткени ал өлчөөнүн методдорунун жөнөкөйлүгү менен түшүн-дүрүлөт, андан тышкары коэрцит күчүнүн Нс<500 А/см болгон материалдар үчүн индукция жана магниттелиш боюнча аныкталган маанилери бири биринен аз айырмаланышат.
Нс ны өлчөөдө үлгү адегенде электр-магнитте же магниттөөчү чыгырыкта (катушка) каныкканга чейин магнит-телет. Андан кийин үлгү жайгашкан бул чыгырык аркылуу турактуу ток өткөрүлөт, анын магнит талаасы үлгүнү магнитсиздендирет. Ток үлгүнүн магниттелиши J нөлгө жеткенге чейин көбөйтүлө берет. Аны индикатордун жардамы менен каттайт. Ошентип үлгүнүн J=0 чыгырыкта ток боюнча магнитсиздендирүүчү талаасынын чыңалышы Нс аныкталат. Холл билдиргичи (датчиги) бар Коэрцитиметр, өлчөөчү чыгырыктуу Коэрцитиметр, дирилдеткичтүү Коэрцитиметр ж. б. Коэрцитиметрлер да кеңири колдонулат.
Ад.: Магнитные измерения. –М.: 1969.
Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]
- Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Физика. Энциклопедиялык окуу куралы. 2004 Бишкек. ISBN 9967-14-010-0