Коёнкөзов, Ашырбай

Википедия дан

Коёнкөзов Ашырбай (1907, Каракол уезди, азыркы Түп району, Токтоян айылы — 31.12.1943, Ленинград облусу, Карамышев району, Ручьи айылы) — панфиловчул чалгынчы, партизан, гвардиянын улук сержанты.

1941-жылдан Советтик Армияда. 316-аткычтар дивизиясынын составында Улуу Ата Мекендик согушка кирип, Москваны коргошкон. Душмандын тылына нечен жолу чалгынга барып, 1942-жылдын аягына чейин жеке өзү 138 гитлерчини жок кылган, 15 фашистти туткундаган жана аскердик башка тапшырмаларды орундаткан.
1943-жылдын ноябрынан 7- Ленинград партизандар бригадасынын 2-партизандар отрядында рота командири. Фашисттер менен салгылашта курман болгон. Кызыл Жылдыз жана 1966-ж. өлгөндөн кийин 1-даражадагы Ата Мекендик Согуш ордени менен сыйланган. Бишкекте бир көчө анын ысымында.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Ысык-Көл облусу энциклопедия. Бишкек-1994-ж.