Коңгуроо

Википедия дан

Коңгуроо - дүйнө элдерине кеңири тараган өзү добуш берген урма музыкалык аспап.

Бул аспап кыргыздардын арасына абалтан эле белгилүү. Ал негизинен кулун, тайларга, тайлактарга ж. б. жандыктарга өзүнчө бир касиеттүү тумар катары тагылган.

Коңгуроо көбүнө алмурут түспөлүндө жезден, колодон, темирден ж. б. жасалган. Ичине кыймылдаганда өзү добуш бере турган темирден кичинекей тоголок тилче илинген. Коңгуроо эл Жайлоого көчкөндө кыштоого түшкөндө көч баштаган кыз-келиндердин аттарына, жетелеген төөлөрүнө да тагылган.

Коңгуроо кабар берүүчүлүк милдетти аткарган. Азыркы мезгилде Коңгуроо «Камбаркан», «Ордо сахна» ж.б. фольклордук топтордо ойноло баштап, жаңы өмүргө ээ болууда.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Алагушов, Балбай. Кыргыз музыкасы: Энциклопедиялык окуу куралы / Башкы редактору Үсөн Асанов. – Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004. – 400 бет. -ISBN 9967-14-016-X.