Коңгуроо гүл

Википедия дан
Campanula persicifolia.

Коңгуроо гүл (лат. Campanula, L. 1753) – коңгуроо гүлдүүлөр тукумундагы өсүмдүк уруусу. Бир, эки жана көп жылдык өсүмдүктөр. Гүлү коңгуроо сымал, өңү көк, кызгылт көк, ак жана башка 300гө жакын түрү белгилүү, Кыргызстанда 7 түрү кездешет. Бөксө, бийик тоолордо, боздөң, шалбаада, тескей беттердин аска-таштарынын арасында өсүшөт. Уругу, тамыры аркылуу көбөйөт. Кыргызстанда К. г. жазында гүлдөөчү бир жана эки жылдыгы, жайында гүлдөөчү көп жылдыгы түрү гүлзарларда кооздук үчүн өстүрүлөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]