Коңтаажы

Википедия дан

Коңтаажы, хунтайши – 16–18-кылымдардагы ойрот-калмак хандарынын жогорку наамы. Калмак тилинде «куң» – улуу, күчтүү, «тээж» – хан, «куңтээж» – улуу хан, «тэж» ханзаада деген түшүнүк берет. Борбордук Азиянын тарыхында алгачкы жолу 1573–74-жылдары Коңтаажы наамы Чечен, Баян баатырларга байланыштуу эскерилет. 1639-ж. Далай лама тарабынан Каракулдун (Харахула) баласы Куту Коцунга да берилип, аты Эрдене деп которулган. Андан кийин ал наамды Галдан Бошокту хан, Цеван Рабдан алса, кээ бир хандар өз алдынча ыйгарып алган учуру болгон. Кыргыз санжыра, эпосторунда Коңтаажыга байланышкан көптөгөн маалыматтар айтылып калган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]