Мазмунга өтүү

Коңур-Өлөң чымкөң кени

Википедия дан

Коңур-Өлөң чымкөң кени Ысык-Көл облусунун Тоң районунда, Коңур-Өлөң суусунун өрөөнүндө, Чыгыш Кара-Суу суусунун төмөнкү агымында, Тогузбулак кыштагынан 2 км түндүк-батышта, деңиз деңгээлинен 1910 м бийиктикте. Орточо калыңдыгы 1,41 м, аянты 233,77 га болгон чымкөң кени саздак пролювий-аллювий катмары менен байланышкан. Чымкөң күрөң жана мала күрөң түстө. Чириндилер 10–20%ти түзөт. Күйгөндөгү жылуулугу 2088–4780 каллория. Чымкөң жер семирткич кошулмаларын даярдоого жарамдуу. Чымкөңдүн төмөнкү горизонту чала чириген чымкөң; анын бальнеологиялык дары баткактык мааниси бар. Чым көңдүн запасы А2 категориясы боюнча 3173,2 миң т.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]