Кракелюр

Википедия дан

Кракелюр (французча craquelure – майда жарака) живопись технологиясында жана реставрациялоодо – агартылбаган боз кендирдин үстүндө тартылган майлуу живопистин боёк катмарындагы жаракалар. Кракелюр катуу (учтуу жактары менен) – жумшак – үстүртөн жана терең болуп бөлүнөт. Боёк катмарынын көбөйүшү менен анын негизинин ортосундагы коэффициенттик айырмачылыктар Кракелюрдун негизги себептерине кирет. Бул айырмачылыктар негиз менен боёк катмары кургай баштаганда пайда болот. Мындан сырткары – механикалык таасирлер (ар кандай сокку – кагышуулар) – живопись техникасынын кемчиликтери (мисалы – жакшы кургай элек катмардын үстүнөн чийүү – түр салуу ж. б.) да себеп болот.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]