Крамской, Иван Николаевич

Википедия дан

Крамской, Иван Николаевич (1837–1887) – орус живописчиси жана сүрөт сынчысы. 1860–80-жылдардагы сүрөт боюнча орус демократчыл кыймылынын идеялык жетекчиси. 1857–63-ж. Петербург сүрөт академиясында окуган. К-дун демократчыл көз караштары ал тарткан карапайым дыйкандардан портреттеринен ачык көрүнөт (мисалы, “Мина Моисеев”, 1882, Орус музейи, Ленинград; “Жүгөн кармаган дыйкан”, 1883, Киевдеги орус искусствосунун музейи). К-дун негизги чыгармасы – “Христос чөлдө” (1872, Третьяков галереясы). Анда художник Христоско адамдык сапат берип биринчи планга философиялык-моралдык мазмунду алып чыккан; образдын идеялык-көркөмдүк маанисин кеңейтүүгө умтулуп, К. тематикалык картина менен портреттин чегиндеги чыгарма жараткан. К-дун белгилүү сүрөттөрү “Некрасов “Акыркы ырларынын” мезгилинде”, 1877–78; “Бейтааныш аял”, 1883; “Чеги жок кайгы”, 1884; баары Третьяков галереясы). К-дун көркөм чыгармачылыгы жана сын эмгектери Россиядагы XIX  кылымдын аягындагы демократчыл искусство менен көркөм ой-пикирлердин өнүгүшүнө олуттуу таасир тийгизген.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]