Красноводск платосу

Википедия дан

Красноводск платосуТүркмөнстанда; негизинен Красноводск жарым аралын, Каспий деңизинин чыгыш жээгин ээлейт. Эң бийик жери 306 мге чейин (түштүгүндө). Негизинен акиташ тегинен, гипстүү мергелден турат. Үстү жайпак дөңсөөлөр, жазы оёңдор менен бөлүнөт; калдык тоолор (бийиктиги 40 мге чейин) бар. Чополуу жана таштуу чөлгө мүнөздүү өсүмдүктөр өсөт; түндүк-чыгышында шор баскан ойдуңдар бар.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]