Креативдүү тесттер

Википедия дан

Креативдүү тесттер - (лат. creatio – түзүп чыгуу, пайда кылуу). Эгерде интеллектуалдык тесттер сыналуучунун жалпы интеллектуалдык деңгээлин аныктай алса, атайын жөндөмдүүлүктү аныктоочу тесттер сыналуучунун бир багыт боюнча чыгармачылык сапатын, жөндөмдүүлүгүн аныктоого арналган. Чыгармачыл жөндөмдүүлүгүн изилдөө эки багытта жүргүзүлөт:
а) сыналуучунун турмуш тажрыйбасын, жекече өзгөчөлүгүн анализдөө;
б) чыгармачыл ой жүгүртүүсүн (ой тереңдиги, тактыгы, көйгөйлөрдү чечүүдөгү оригиналдуулугу, чечкиндүүлүгү ж. б.) изилдөө.

Билим берүү тутумунда окуучулардын табигый-математикалык жөндөмдүүлүктөрүн изилдөөдө, таланттуу балдарды аныктап жана тандап алууда бул түрдөгү тесттер кеңири колдонулуп келет.



Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Кыргыз педагогикасы (энциклопедиялык окуу куралы). - Б.: 2004