Кремнефториддер

Википедия дан

Кремнефториддер, фторсиликаттар — кремний суутек фториди к-тасынын (Н2SiF) туздары. Бул к-та суюк, газ түрлөрүндө кездешпейт, анткени НF жана SiF4 берикмелерине бөлүнүп кетет. Конц. Н2SiF6 30-35 % күкүрт к-тасындай күчтүү, туздары уулуу. Сууда Nа, К, Рb, Сs, Ва туздары кыйынчылык м-н, башка туздары жеңил эришет. К. ысыт-канда SiF4

ж-а фторидге термиттүү диссоцацияланат. Щелочтор таасир эт-кенде К. ажырайт. SiF4 газ түрүндө бөлүнөт. К. SiO2 менен фтордуу металл ара-лашмасына фтор к-тасын таасир этүүдөн, металлдар гидроксидин Н2SiF6 таасир этүүдөн, фтордуу металлга SiF4ду таасир этүүдөн алынат. Жеңил эрүүчү К. (Мg Zn, Аl -флюаттар) курулуш иште-ринде колдонулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]