Кремний кош оксиди

Википедия дан

Кремний кош оксиди, кремнезём, кремний ангидриди, SiO2 — кремний менен кычкылтек бирикмеси. Балкып эрүү 1728°С, кайноо 1590°С. Жаратылышта кварц, тридимит, кристобалит, китит, коусит минералдары түрүндө кездешет. Анын кристаллдык модификациясы түрлөрү көп, кварц минералы жана башка түрүндө жер кыртышынын массасынын 12% түзөт. Сууда, к-таларда (плавик к-тасынан башка), орг. эриткичтерде эрибейт. Щелочтордо жакшы эрийт. Фтор, фтордуу суутек менен реакцияга кирет. Суу буусунун атм-сында кремний хлориди (SiCl4) буусун курамдык бөлүккө ажыратуудан (1100-1400°С) аморфтуу кремнезём пайда болот. Анын салыштырма беттик аянты чоң 175-380 м2/г. К. к. к. радиотехникада, силикат ө. ж-да, айнек, фарфор, фаянс, керамика, силикат кирпичтерин, цемент жана башка алууда колдонулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]