Криз

Википедия дан

Криз — оорулуунун абалынын кескин түрдө начарлашы, оорунун күтүлбөгөн жерден башталган пристубу. Ал гипертония оорусу, климакс мезгилинде, аба ырайы кескин өзгөргөндө, диета бузулганда, мээнин кээ бир ооруларында жана өтө чарчаганда жана башка болот.
Гипертониялык криз гипертония оорусу менен жабыркаган оорулуулардын кан басымы кескин жогорулаганда болот. Анда баш катуу ооруп, айланат, уйку качат, оорулуу тердейт, жүрөгү тез кагып, ооруйт, кусат, алы кетет. Кээде оорулуунун башы айланып, өзүн начар сезип жүрө берет. Ал учурда догдурга тезинен кайрылуу зарыл.
Гипотониялык криз гипотония оорусу менен ооругандарда болот. Анда ал кетип, көз караңгылайт, кулагы убактылуу укпай калат, аба жетпей демигет, кан басым абдан төмөндөп, өңү бозорот, баш ооруйт.
Мээдеги кан айлануу убактылуу бузулганда криз болушу мүмкүн. Анда баш ооруп, айланат, кусат, кол же бут чымырайт (уктайт), сүйлөө начарлайт. Бирок бул өзгөрүүлөр тез эле өтүп кетет.
Вегетатив криздеринде артерия кан басымы туруктуу болбой өзгөрүлүп турат, жүрөк ооруп, дем кыстыгат, калчылдатат, тердетет. Кээде ич ооруйт, ич көпкөндөй сезилип, кекиртет, көңүл айланып, кустурат.
Кризди догдур гана дарылайт. Анда өзүн өзү дарылоо жарабайт. Себеби ар кайсы Криздин алгачкы белгилери окшош болгону менен дарылоосу ар башка. Ошондуктан криздин белгилери башталары менен догдурду чакыруу зарыл. Кризге учураган оорулуу эмгек менен эс алууну айкалыштырып, негизги оорусунан өз убагында дарыланышы зарыл.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8