Кризистик басым

Википедия дан

Кризистик басым, критикалык басым – заттын же зат аралашмасынын кризистик абалдагы басымы. Таза заттар Кризистик басымдан төмөнкү басымда тең салмактуу суюк жана буу фазаларына бөлүнөт. Кризистик басымда бул эки фазанын ортосундагы айырма жоюлуп, зат өзгөчө бир тектүү абалга өтөт. Бул Кризистик басым тең салмактагы суюктуктун жана буунун чектик басымы, башкача айтканда Кризистик басым заттын физикалык мүнөздөмөсү болуп саналат. Аралашмаларда Кризистик басым анын курамына көз каранды. Таза зат үчүн Кризистик басым бир гана мааниге (чекитке) ээ. Ал эми аралашмаларда Кризистик басым чекиттер системасын түзөт, башкача айтканда аралашма үчүн Кризистик басым сызык менен мүнөздөлөт. Бул сызыктын ар бир чекити Кризистик басымга, кризистик температурага, көлөмгө жана кризистик курамга ээ болот.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]