Кризистик температура

Википедия дан

Кризистик температура, критикалык температура – 1) заттын кризистик абалдагы температурасы. Кризистик температура суюк заттын өзүнүн буусу менен тең салмакта болуп, алардын физикалык касиеттеринен айырма жоголгон учурда аныкталат. Кризистик температурада суюктук жана каныккан буунун тыгыздыктары бирдей болуп, алар бири биринен айырмаланбайт жана суюктуктун бууга айлануу жылуулугу нөлгө барабар болот. Кризистик температура – затты мүнөздөөчү туруктуу чоңдуктардын бири; 2) эригичтиги чектелген компоненттерден турган суюк аралашмаларда чектелбеген эригичтик башталган температура; 3) айрым өткөргүчтөрдүн өтө өткөргүчтүк абалга өтүү температурасы.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]