Крикен Василий Гаврилович
Крикен Василий Гаврилович (24. 12. 1918, азыркы Жалал-Абад облусу, Сузак району, Октябрь кыштагы – 10. 3. 2007, Россия Федерациясы, Новосибирск шаары) – Советтер Союзунун Баатыры (1943), улук лейтенант. Согушка чейин «Заря» колхозунда иштеген. 1942-жылдан Советтик Армияда. Улуу Ата Мекендик согушта Түштүк фронтто салгылашып, Дон жана Крым жерлерин душмандан бошотушкан. В. Крикен Украинанын Мелитополь шаары үчүн болгон кармашта (1943-ж. 17–25октябрь) бөтөнчө эрдик көрсөткөн. Ал атчандардын экинчи ротасынын жарадар болгон командиринин ордуна аскерлерди өз өрнөгү менен шыктандырып, гитлерчилердин бекемделген коргонуусун штурм менен алган. Согуштан кайтып келген соң, Таш-Көмүр шаарында, кийин Новосибирск шаарындагы «Сибсельмаш» заводунда эмгектенген. Ленин, 1-даражадагы Ата Мекендик согуш ордендери менен сыйланган. [Категория:Инсандар]]
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 4-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2012. 832 бет, илл. ISBN 978 9967-14-104 -9