Криотерапия

Википедия дан

Криотерапия (крио... жана терапия) – муздатуу менен дарылоо. Мында төмөнкү температура менен ткань, орган же бүт организм муздатылат. Дарылоо максатында илгертен ооруган жерге муз же сууланган чүпүрөк басышкан. Медицинада тоңдурбай мелүүн муздатуу сезгенген кезде жана ооруну басаңдатуу, кан токтотуу, шишикти таратуу максатында колдонулат. Криотерапиянын таасиринен кан тамырлар тарып, кандын келиши жана муздаган жерде зат алмашуу төмөндөйт. Муздакты өт баштыкчасы, карын, уйку бези сезгенгенде, урунганда, ошондой эле өпкөдөн, мурундан, ичеги-карындан кан кеткенде ал жерге басат же муздак суюктук жуткурат. Кыска мөөнөттүү операцияда хлорэтилди чачыратып, ткандарды тоңдуруп, алардын сезгичтигин жоготот.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]