Кристаллдардын геометриясы

Википедия дан

Кристаллдардын геометриясы – теңсалмактуу шартта өстүрүлгөн кристаллдар белгилүү симметрияга ээ болуп, туура көп грандуу формада болот.

К-дын грандары тегиздиктүү, грандарынын ортосундагы кырлары түз сызыктуу. Бир эле заттын Кристаллдарынын тиешелүү грандарынын ортосундагы бурч – турактуу чоңдук. Грандардын ортосундагы бурчтарды өлчөө (гониометрия) кристаллдарды аныктоого мүмкүндүк берет. Кристаллдардын атомдук түзүлүшү а, в, с (кристаллдык торчонун мезгилдери) кырларына ээ параллелепипед формасындагы бирдей элементардык ячейкалардын кайталанышы катары каралат. Ошондуктан крис-таллдык торчонун атомдук тегиздиктери (Кристаллдардын граны тиешелүү болуучу) координат окторун торчонун мезгилинин бүтүн сандары жайланышкандай кылып кесет (Гаюи закону). Аларга тескери сандар (h, K, l) кристаллографиялык грандардын жана атомдук тегиздиктердин кристаллографиялык индекс-тери деп аталат. Эреже катарында, кристаллдар индекстердин кичине маанилерине ээ грандарды өзүнө камтыйт, мис., (100), (110), (311). а, в, с кырларынын узундугу жана алардын ортосундагы бурчтар α, β, γ рентгенографиялык жол менен аныкталат. Координат октору кристаллдын симметриясына жараша тиешелүү эреже боюнча тандалып алынат. Симметриясынын мүнөзүнө жараша каалагандай кристаллдык көп грандуулук 32 класстын (же симметриянын чекиттик тобунун) бирөөнө тиешелүү болот. Кристаллдардын саны группалардын санына барабар, 32 группа 7 сингонияга: триклиндик, моноклиндик, ромбдук (төмөнкү), тетрагоналдык, гексагоналдык, тригоналдык (ортоңку), кубдук (жогорку) сингонияларга бөлүнөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]