Кристаллдардын ийкемдүүлүгү

Википедия дан

Кристаллдардын ийкемдүүлүгү - механикалык күчтөрдүн таасири астында кристаллдардын өз өлчөмдөрүн жана формасын мурдагы калыбына келгис кылып өзгөртүү касиети.

Кристаллдык нерселердин ийкемдүүлүгү деформациянын түрдүү микроскопиялык механизмдеринин аракетине байланыштуу болот жана ал механизмдердин салыштырма ролу температура, таасир эткен күч жана деформациялоо ылдамдыгы сыяктуу тышкы шарттар менен аныкталат. Бул механизмдер ийкемдүүлүк деформациясына катышкан атомдордун санынын өсүшүнө жараша төмөнкү түрлөргө бөлүнөт: өзүнөн өзү диффузиялануучу жана диффузиялык Кристаллдардын ийкемдүүлүгү, краудиондук Кристаллдардын ийкемдүүлүгү, дислокациялык Кристаллдардын ийкемдүүлүгү Өзүнөн өзү диффузиялануучу жана диффузиялык К.и. Өзүнөн өзү диффузиялоо сырткы катмарлардын атомдорунун кристаллдардын ички катмарларына түйүндөр арасындагы атомдор түрүндө кириши менен ишке ашат. О. эле учурда карама-каршы багытта вакансиялардын агымы пайда болот. Көпчүлүк реалдуу учурларда өзүнөн өзү диффузиялануучу деформация, негизинен, вакансиялардын багытталган агымына байланыштуу. Алар түйүндөр арасындагы атомдорго караганда жеңил пайда болушат.

Краудиондук Кристаллдардын ийкемдүүлүгү Краудиондордун – кристаллдагы тыгыз жайланышкан атомдордун катарларын бойлой атомдордун коюуланышынын жаралышы жана которулушу.

Дислокациялык Кристаллдардын ийкемдүүлүгү Кристаллдардын ийкемдүү деформациясынын көп кезиккен түрү – кристаллографиялык тегиздиктер боюнча сыйгалануу.

Дислокациянын кыймыл жөндө-мүнө жараша бардык материалдар 2 топко бөлүнөт: 1) коваленттик кристаллдар – кадимки температурада (анча чоң эмес) ийкем-дүүлүккө ээ эмес; 2) металлдык жана иондук кристаллдар – жогорку ийкемдүүлүккө ээ.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]