Кристаллдардын физикалык касиеттери

Википедия дан

Кристаллдардын физикалык касиеттери – берилген класстагы кристаллдар үчүн анын касиет-теринин симметриясын көрсөтүүгө болот. Мис., кубдук кристаллдар жарыкты өткөрүүчүлүк, электр жана жылуулук өткөрүүчүлүк, жылуулуктан кеңейүү касиеттерине карата изотроптуу, бирок серпилгичтүүлүк, электр-оптикалык, пъезо-электрдик касиеттерине карата анизотроптуу. Кристаллдардын башка заттардан негизги айырмасы алардын анизотропия касиетине ээ болушу. Төмөнкү сингониядагы кристаллдар көбүрөөк анизотропияга ээ.

Кристаллдардын бардык касиеттери өз ара байланышта болушат жана атомдук кристаллдар түзүлүшү, атомдор арасындагы байланыш күчү жана электрондун энергиялык спектри менен мүнөздөлөт, о. эле кристаллдар көпчүлүк касиеттери симметрия классына, кристаллдардагы жетишпегендиктердин санына жана тибине да көзкаранды. Кристаллдардын жылуулук, серпилгичтик, акустикалык сыяктуу касиеттери түздөн-түз атомдор арасындагы аракеттешүүгө көзкаранды болушат. Электрдик, магниттик жана оптикалык касиеттери көбүнчө электрондун энергия деңгээлдери боюнча бөлүш-түрүлүшүнө көзкаранды. Кээ бир крис-таллдарда торчону пайда кылган иондордун жайланышы кристаллдардын өзүнөн өзү уюлдашуусун пайда кылат (пироэлектриктер). Мындай уюлдашуунун чоң мааниси сегнето-электриктерге мүнөздүү.

Колдонулушу. Пъезо- жана сегнетоэлектр кристаллдар радиотехникада колдонулат. Жарым өткөргүчтүү электроника (радиотехника жана эсептеп чыгаруучу түзүлүш) германий, кремний ж. б. жарым өткөргүч кристаллдар менен иштейт. Рубин, иттрий-алюминийлүү гранит ж. б. кристаллдардын квант электроникасында колдонулушу зор мааниге ээ. Температуранын өтө аз өзгөрүшүн пироэлектр, механикалык жана акустикалык таасирлерди өлчөө үчүн пьезоэлектр кристаллдары колдонулат. Алмаз ж. б. кристаллдар материалдарды иштетүүдө жана бургулоодо пайдаланылат. Рубин, сапфир ж. б. саатта, так иштөөчү аспаптарда таяныч элемент катары колдонулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]