Кристалл торчонун термелүүсү

Википедия дан

Кристалл торчонун термелүүсү – кристаллды түзгөн бөлүкчөлөрдүн (атом, ион, молекула) өзүнүн теңсалмактуу абалынын (кристаллдык торчонун түйүндөрүнүн) тегерегинде термелген учурдагы катуу нерселердин ички кыймылдарынын бири.

Термелүү амплитудасы температура жогорулаган сайын чоңоёт (бирок бардык учурда торчонун турактуулугунан бир топ кичине болот), критикалык мааниге жеткенде кристаллдык түзүлүш бузулуп, эрүү процесси башталат. Ал эми температура төмөндөгөндө амплитуда азаят, бирок квант физикасынын закондору боюнча термелүү толук токтобойт, Т=0 К учурда нөлдүк термелүү деп аталган термелүү кала берет. Бирок нөлдүк термелүүнүн амплитудасы абдан кичине, ошондуктан температура төмөндөгөндө бардык суюктуктар катууланат (суюк гелийден башкасы).

Атомдор менен иондордун терме-лүүсү деп электрондорго салыштырганда массасы чоң болгон атомдук ядролордун термелүүсүн түшүнүүгө болот. Ошондуктан кристаллга ядролордун координатасынан гана көзкаранды болгон потенциалдык энергия (адиабаталык жакындашуу) таандык.

Термелүүнүн жыштыгы кичине кезинде атомдорду теңсалмактуу абалда кармоого аракет кылган күчтөрдү серпилгич деп эсептеп, гармоникалык жакындашууну колдонсо болот. Бул учурда кристалл тегиз серпилгичтүү чөйрө катары каралып (1-сүрөт), анда ар түрдүү толкун узундугундагы толкундар тарала берет. Бирок жыштыгы чо-ңоюп, толкун узундугу атомдор аралыгына чамалаш болуп калганда кристалл-дын атомдук түзүлүшүнүн дискреттүүлүгү чоң мааниге ээ боло баштайт. Төмөнкү температурада квант эффектиси пайда болот да, кристаллды тегиз серпилгичтүү чөйрө катары кароого болбой калат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]