Критикалык абал

Википедия дан

Критикалык абал - бир компо-ненттүү же эки компоненттүү эки фазалуу системанын ортосундагы айырма жоголуп, бирдей касиетке ээ болгон учурдагы теңсалмактуулуктун чектик абалы.

Критикалык абал жанаша фазалары сапаттык жагынан окшош жана алардын касиеттери параметрлеринин маанилери боюнча гана айырмаланган фазалык теңсалмактуулук учурунда байкалат. Критикалык абал температуранын, басымдын, салыштырма көлөмдүн критикалык маанилери менен аныкталат. Критикалык абал фазалардын теңсалмактуулук сызыгындагы критикалык чекитке дал келет.

Критикалык абалга жакындаган сайын жанаша фазадагы заттардын тыгыздыгындагы, курамындагы, касиеттериндеги айырмачылыктар жана фазалык өтүүнүн жылуулугу, фазалар аралык беттик тартылуусу азайышат да, критикалык чекит нөлгө барабар болуп калат. Аралашмада тыгыздыктын жана концентрациянын термелүүсү (флуктуациясы) кыйла өсөт. Заттардын структурасындагы жана касиеттериндеги бул өзгөчөлүктөр Критикалык абалда байкалуучу критикалык кубулуштарга алып келет. Эки түзүүчүдөн турган системалар үчүн Критикалык абал теңсалмактагы суюктук-буу критикалык чекиттен башка түзүүчүлөрдүн өз ара чексиз эрүүсүнүн критикалык чекитинде да байкалат. Ал эми суюктук эритмелер эрүүнүн бир критикалык чекити сыяктуу эле жогорку жана төмөнкү критикалык чекиттерге ээ болот. Эритмелердин критикалык чекити анын фазаларга бөлүнүүсүнүн температуралык жогорку чеги болуп саналат. Жогоруда көрсөтүлгөн Критикалык абалга катуу эритмелер да ээ болот, мис., жогорку сүрөттө көрсөтүлгөндөй хлордуу калий жана хлордуу натрий системасынын катуу эритмесинин эрүү сызыгында да критикалык чекити К орунга ээ. Мында Тк=500 °С, хк=64 моль % NaCl, мында хк–критикалык курам. Суюк эритме сыяктуу эле катуу жана газ эритмелери да критикалык температурасынан төмөнкү температураларда фазаларга бөлүнүүгө жөндөмдүү. Системанын критикалык чекитинен сыртта бир фазалуу абалга өтүүсүнө караганда бул системанын критикалык чекитиндеги абалынын өзгөрүшү өзгөчө айырмаланат. Заттардын К. а-дагы касиеттерин билүү илим жана техниканын төмөнкү тармактары үчүн: критикалык параметрлерде иштөөчү энергиялык түзүлүштөрдү түзүүдө, газдарды суюлтууда жана аралашмаларды ажыратууда зарыл.

Ад.: Фишер М. Природа критического состояния, пер с англ.–М.: 1968; Браун Р. Фазовые переходы, пер. с англ. –М.: 1967.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]