Критикалык кубулуштар

Википедия дан

Критикалык кубулуштар - бир фазадан экинчи фазага (мис., суюктуктан бууга) өтүү чекитинин айланасындагы заттардын абалын мүнөздөөчү кубулуштар.

Критикалык кубулуштардын типтүү мисалдары төмөнкүлөр: суюктук жана газ абалындагы заттардын критикалык чекитке жакындаган сайын кысылуусунун жогорулашы, ферромагнетик жана сегнетоэлектрик заттардын температурасы Кюри чекитине жакындаганда магниттик кабылдагычтыгынын жана диэлектрдик өткөрүмдүүлү-гүнүн өсүшү ж. б. Критикалык кубулуштарды жөнөкөй-лөштүрүп түшүндүргөнүбүздө, ал – заттын бир фазадан экинчи фазага өтүү чекитинин тегерегиндеги термодинамикалык чоңдуктардын флуктуациясынын жогорулоо кубулушу. Ар кандай табияттагы Критикалык кубулуштар бирдей законченемдерге баш иет. Айрым заттарда, мис., өтө (ашкере) өткөргүчтөрдө жана айрым сегнетоэлектриктерде критикалык чекитине жакынкы бардык температураларда Критикалык кубулуштар байкалбайт. Бирок бул кубулуш кадимки суюктуктун критикалык чекитинин мүнөзүнө жараша болот. Эгерде бул күчтөр аралыкка карата өтө тез азайса, анда флуктуация кубулушу басымдуулук кылгандыктан Критикалык кубулуштар критикалык чекитине жеткенге чейин эле, ал эми жай төмөндөсө, анда Критикалык кубулуштар критикалык чекитине өтө жакын аймакта байкалат.

Критикалык кубулуштар айрым бөлүкчөлөрдүн касиеттери менен эмес, тескерисинче системанын бардык бөлүкчөлөрүнүн каситтери менен шартталат. Бүт Критикалык кубулуштарды ичине камтыган теория азырынча түзүлө элек. Бирок Критикалык кубулуштардын көптөгөн термодинамикалык жана статистикалык теориялары бар.

Ад: Стенли Г. Фазовые переходы и критические явления.–М.: 1973; Анисимов М.А. Исследования критических явлений в жидкостях.–М.: «УФН», 1974.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]