Крокодилдер

Википедия дан
ичке тумшук крокодил (Crocodylus acutus).

Крокодилдер (лат. Crocodylia) – сууда жашоочу сойлоочулар түркүмү. Денеси кескелдирик сымал, узундугу 2–7 мге чейин, башы жалпагай, узун тумшуктуу. Көзү жана таноосу башынын үстүндө. Таноосу жана кулак тешиктери жапкак менен жабылган. Ооз көңдөйүндө экинчи таңдай өөрчүгөн. Куйругу узун жана бийик. Буттары кыска, күчтүү, сүзгүч жаргактары бар. Териси калың, мүйүз калкандар менен капталган, астында сөөк пластинкалар (остеодермалар) жайгашкан. Башка сойлоочулардан айырмаланып, Крокодилдердин жүрөгү төрт камералуу. Өпкөсү чоң, татаал түзүлүштө, табарсыгы жок. Клоакасы дайыма узунунан кеткен жылчык түрүндө, эркегинде жуп эмес жыныс мүчөсү болот. Крокодилдердин 3 тукуму бар: аллигаторлор, гавиалдар жана кадимки крокодилдер.

Кадимки Крокодилдердин 3 уруусу, 15 түрү, анын ичинде узундугу 7 мге жеткен нил крокодили белгилүү. Суунун көлгө жана деңизге куйган жеринде, Түштүк-Чыгыш Азиянын деңиз жээктеринде, Малайя архипелагынын аралдарында, ошондой эле Түндүк Австралия жана Жаңы Гвинеяда узундугу 6 мге жеткен кыр жондуу крокодил кездешет. Крокодилдер тропик жана субтропиктин тузсуз көлмөлөрүндө таралган, кээ бири деңизге алыс сүзүп барат. Көбүнчө сууда болуп, түнкүсүн активдүү. Негизинен балыктар, суу омурткасыздары, ошондой эле куштар жана сүт эмүүчүлөр менен азыктанат. Нил жана кыр жондуу Крокодилдер адам үчүн коркунучтуу. Крокодилдердин ургаачылары тайыз жердеги кумга же саздагы чириндилер арасына 20— 100 катуу акиташ кабыктуу жумуртка тууйт. Көп түрү тукумуна кам көрөт. Крокодилдердин эти желет, териси үчүн (өзгөчө аллигаторлор) кармалып, саны кескин азайып, көп түрү жок болуп кетүү алдында турат. Кадимки Крокодилдердин 15 түрү Табиятты Коргоонун эл аралык союзунун (ТКЭС) Кызыл китебинде катталган. Бир катар өлкөлөрдө (АКШ, Япония, Куба ж. б.) Крокодилдер питомниктери бар.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]