Кромержиж

Википедия дан
Кромержиж.

Кромержиж (чех тилинде Kroměříž) – Чехиядагы шаар. Злинский крайында. Морава дарыясынын өрөөнүндө жайгашкан. Калкы 29,4 миң (2009). Шаар алгач 1110-жылдан эскерилет. Шаар дубалдары (13-кылым), Ыйык Маврикий чиркөөсү (1260-жыл чен), ратуша, монета двору ж. б. сакталган. Гүл бакча, сүрөт галереясы, китепкана, музей архиви бар. Сепил жана бакча Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесине киргизилген.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]