Кронштадт козголоңу

Википедия дан
Кронштадт козголоңу.

Кронштадт козголоңу (1921) – Совет бийлигине каршы куралдуу козголоң. 28-февраль – 18-мартта Кронштадтта чет элдик интервенттер жана ак гвардиячылар менен байланышкан эсерлер, анархисттер жана меньшевиктер чыгарышкан. Революциячыл моряктардын көбү жарандык согушка кетип, алардын ордуна дыйкан жаштарынын келиши, ошондой эле азык-түлүк чачымына жана «согуштук коммунизм» саясатына дыйкандардын жана айрым жумушчу бөлүктөрүнүн нааразылыгы себеп болгон. 1-мартта Якорь аянтындагы шаардык жалпы митингде козголоңчулар соода эркиндигин, комиссарлардын жоюлушун, солчул социалисттик партияларынын эркин иштешин жана Советтердин кайра шайлануусун талап кылышкан. Алар «Советтер коммунисттерсиз болсун!», «Бийлик коммунисттерге эмес, Советтерге!» деген ураандар менен чыгышкан. 2-мартта С. М. Петриченко жетектеген «Убактылуу революциячыл комитети» түзүлгөн. Кронштадт козголоңуна каршы Совет бийлиги М. Н. Тухачевский жетектеген 45 миң кишиден турган 7-армияны жиберип, 18-мартта козголоң басылган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]