Надежда Крупская

Википедия дан
Крупская, Надежда Константинова‎»‎ барагынан багытталды)
Крупская, Надежда Константинова

Крупская, Надежда Константинова - (14 (26). 2. 1869, Орусия империясы, Санкт-Петербург шаары – 27. 2. 1939, СССР, Москва шаары) – педагогиканын жана билим берүү системасынын теоретиги, доктору, уюштуруучусу, советтик мамлекеттикжана парточо ишмер, СССР Илимдер академиясынын ардактуу мүчөсү (1931). 1917–20-жылдары эл агартуу системасын түзүү, уюштуруу боюнча директивалык жоболорду, концепцияларды иштеп чыгууга активдүү катышкан. Элге билим берүү системасын демокр. негизде уюштуруу боюнча прогрессивдүү педагогдордун көз караштарын жактаган. Калктын жалпы маданиятын жогорулатууда мектептеги таалим-тарбия ишин жүргүзүүнү күчөтүү керектигин белгилеген. Балдардын жана жаштардын коомдук уюмдарынын ишмердүүлүгүнүн теориялык негиздерин иштеп чыккан.
СССР негиздөөчүнүн В. И. Ульяновдун (Лениндин) аялы.

Өмүрү таржымалы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Крупская, Надежда Константинова 1869-жылы Бирдин айынын 26-күнү Санкт-Петербургда офицердин үй-бүлөсүндө төрөлүп, революциялык чөйрөдө чоноюп тарбияланган. 1889-жылы жогорку аялдар курсундагы тарыхый филологиялык бөлүмдө окуу менен Санкт-Петербургда революциялык көз караштагы студенттер уюштурган кружокко да катышып жүргөн.

Кызматы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

1891-жылы ал Петербурдагы Невская районундагы жумушчулардын кечки мектебинде мугалим болуп иштеп жүрүп, В. И. Ленин менен таанышат да, 1895-жылы ал түзгөн «Жумушчу табын эркиндикке чыгаруунун күрөш союзуна» мүчө болуп кирет.1896-жылдын август айында революциялык иштери үчүн камакка алынып,үч жылга Уфа губерниясына сүргүнгө айдалган. Кийинчерээк аны Шушенское селосунда өтөөгө уруксат берилет. 1901-жылы Мюнхенге эмиграцияга кетип, «Искра» газетасына катчы, 1904-жылы «Вперед» газетасында кызматкер, 1905-жылы РСДРП БКнын чет өлкөлүк бюросунда катчы болуп иштеген.Совет бийлигинин тушунда Эл агартуу комиссариатынын (ЭАК) коллегиясынын мүчөсү, 1921-ЭАК тын илимий-методикалык секциясынын төрагасы болуп иштеп, эл агартуу боюнча алгачкы декреттерди даярдайт.Кийин Эл агартуу министринин орун басары болуп иштеген.

Өмүрүнүн акыры[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Крупская, Надежда Константинова 1939-жылы Бирдин айынын 27-күнү Москва шаарында дүйнөдөн кайткан.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • КРУПСКАЯ Н. К. Педагогикалык тандалма чыгармалар. - Ф.: Кыргызпедмамбас, 1962. - 440 б. Ысмы // Кыргызстан аялдары. - 1989. -№ 6. - Б. 4. - 5; КОЙЧУМАНОВ Ж. Н К. КРУПСКАЯ дионалдык тарбия // Мугалимдер газ. - 1984. - 24- фезр.; ДЕРБИШАЛИЕВ Т. Мамлекетаж, г: жана окумуштуу-педагог /"/ Эл агартуу. - 1984. - № 2. - Б, 52-55.
  • “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 4-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2012. 832 бет, илл. ISBN 978 9967-14-104 -9