Крутихин Юрий

Википедия дан

Крутихин Юрий (1. 5. 1932-ж. т., Ульянов облусу, Веткайский району, Степное айылы) — спортчу (шахмат), Кыргызстандын шахмат боюнча көп жолку чемпиону. Кыргыз Мамлекеттик дене тарбия институтун (КМДТИ) бүтүргөн. 1951–56-жылдары армиянын катарында кызмат өтөгөн. 1956–65-жылдары «Алга» спорт коомунун алдындагы дене тарбия жана спорт комитетинде улук машыктыргыч, 1971–73-жылдары Кыргыз айыл-чарба институнда (КАЧИ) дене тарбия кафедрасынын окутуучусу, шахмат боюнча улук машыктыргыч болуп иштеген. 1961-ж. шахмат боюнча СССРдин спорт чебери деген наамга Кыргызстандан биринчи татыктуу болгон. 1947–51-жылдары жаштар арасында, 1951–66-жылдары Кыргыз ССРинин чемпиону, СССРдин 3–5-спартакиадаларынын катышуучусу (1959, 1963, 1967), «Динамо» спорт коомунун чемпиону.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]